Нооруз майрамы
17-март күнү биздин мектепте чоң майрам болуп өттү. Ч. Т. Айтматов атындагы N63 мектеп-гимназиясынын мугалимдери Нооруз майрамын өткөрүүгө активдүү катышты. Ар бир кафедра мүчөлөрү ар каада-салтка токтолушту. Мисалы кыргыз тил кафедрасы Сүмөлөктүн келип чыгуу тарыхы, гуманитардык илимдер кафедрасы “Кыз узатуу” салтын, табигый- математика кафедрасы “Келин алуу” салтын, котормо лингвисттер “Бешикке салуу”, башталгыч класстар мугалимдери “Тушоо кесүү” салтын көрсөтүштү. Майрамдык кече кызыктуу өттү. Майрамыңыздар менен!!!
Комментарии